super.kg logo

Сапар Исаков лотереялык компания кирешелүү болушу үчүн бир жыл убакыт керектигин айтты

 

Кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 2018-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча маселе каралды.

Жыйын жүрүшүндө КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров мамлекеттик лотереялык компаниянын иши тууралуу суроосун узатты. Премьер-министр Сапар Исаков лотереялык компания кирешелүү болушу үчүн дагы бир жыл убакыт керектигин белгиледи. “Мен өкмөт башчылык кызматка келгенде мамлекеттик лотореялык компания чет элдик компания жалдаганы жатканын билдим. Баарын токтотуп, бул маселелердин баарын өз күчүбүз менен жүргүзүшүбүз керектигин айттым. Бул жерде көйгөй жакшы адистердин жоктугунда. Биз мындай адистерди тартып, өзүбүз иштешибиз керек”, - дейт Исаков.

“Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, өкмөттө чет жерлерде иштеп келген, тажрыйбасы мол, жогору квалификациялуу адистер иштеши керек. “Бирок алар Өкмөт тарабынан сунушталган айлык акыга келишпейт. Андыктан өкмөт башчынын өзүнүн фонду болушу керек. Андан чакырылган адистерге кошумча каражаттар төлөнүшү кажет”, - дейт Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.11.2017. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуп отура бергиле
21.11.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч кандай лоторея,букмекер,казинону Кыргызстанга жолотпогула !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: