super.kg logo

Сирияда согушкерлердин чабуулунан 2 дзюдочу каза таап, 15 киши жаракат алды

 

Сирияда согушкерлердин чабуулунан 2 дзюдочу каза таап, 15 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, Сириянын борбору Дамаск шаарында согушкерлердин миномёт менен аткылаган чабуулу уланууда. Аталган өлкөнүн бийлиги маалымдагандай согушкерлер 20-ноябрь күнү “Фейха” спорт комплексин бутага алышкан. Натыйжада дзюдо боюнча улуттук курамдын 2 мүчөсү каза тапты.

Дамаск шаарындагы согушкерлердин чабуулунан дзюдочулар Дияуддин Бадр менен Мухаммед Ханаджи окуя болгон жерден набыт болушту. Андан тышкары 15 киши ар түрдүү жаракат алышты”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары согушкерлер ошол эле күнү Дамаск шаарындагы Орусиянын элчилигинин имаратына да кол салышкан. Снаряддын огу имараттын тосмосуна гана тийип, бактыга жараша, жаракат алгандар болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.11.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаарда коркпой жашап жүргөндөрүнө таң калам!
22.11.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне Сирия ушунчалык чон шаарбы канча жылдан бери согушу бутпойт, канчалаган адамдар кырылып кетти. Аянты, калкынын саны канча экен. Негизи алар эмне талашып согушушат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: