super.kg logo

Чүйдө Кытай жаранын карактоону көздөгөн эки адам кармалды. Аларды кармоо учурунда ок атылган (фото)

 

Чүйдө Кытай жаранын карактоону көздөгөн эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция кызматкерлерине "кылмыштуу топтордун бири чет элдик жаранды карактоону көздөп жатат" деген маалымат келип түшкөн. Ал маалыматты текшерүү учурунда шектүүлөр Чүй облусунун тургундары экени жана алар Кытай жараны В.Ю.ну карактоого даярданып жатышканы аныкталган.

"Кылмыштуу топту кармоо үчүн милиция кызматкерлери Кытай жараны жашаган батирди кайтарууга алышкан. 17-ноябрь түнү кылмыштуу топтун эки мүчөсү Кытай жараны жашаган батирге кирип келишкен учурда кармалышкан. Бирок алар каршылык көрсөткөндүктөн эскертүү иретинде ок атылган. Ошондой эле алардын биринен травматикалык тапанча алынган. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган Ш.Канат жана 1996-жылы туулган А.Расул убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Эгерде алар тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор же алардан жабыркагандар болсо, 0 (702) 326 591, 0 (700) 297 814 телефон номурларына чалып, кабарласа болот", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.11.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сакалдан айланабы?
21.11.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Могулардын точно улуту Кыргыз эмес
21.11.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вот с..и кытайды карактаганды тез эле табат. Кыргызды карактаса табалбай кошо карактайт акча берсен издейбиз деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: