super.kg logo

Кош бойлуу кезинде аарылар менен сүрөткө түшкөн америкалык аялдын баласы жансыз төрөлдү

 

Америкалык Эмили Мюллер 3 баланын энеси. Ал бала тарбиялоо менен катар эле чарба жумуштарын алып кетүүнү максат кылып аары багып, бал өндүрүп каражат табат. Мындай ыкма менен үй-бүлөнүн керектөөлөрүн камсыздаганга 2 баласын төрөгөндөн кийин өткөн. Анткени ага чейин аз айлык акы алып иштеген.

Бара-бара аары чарбасы тууралуу кенен билим алып, бул тармакты жакшылап өздөштүргөн. Барган сайын аарыларга, чарбасына болгон сүйүүсү күчөгөн. 4-баласы курсагында жүргөндө кош бойлуу аялдын бул жумуш менен алектенгендигин чагылдыруу максатында аарылар менен фотосессия өткөргөн.

Бул сүрөттөрү интернетке жарыялангандан кийин анын дарегине негизинен терс пикирлер айтылган. Көптөгөн колдонуучулар Эмили Мюллерди "Жоопкерчиликсиз эне, өзү эле эмес баласы менен чоң тобокелчиликке барган. Балага сөзсүз зыяны тиет" деген тариздеги билдирүүлөрдү калтырышкан.

Ал эми Мюллер мындай сүрөт кандай жол менен тартылганын түшүндүрүп берген. Айтымында, көйнөктүн ичинен курсагын таңып алган жана көйнөктүн узундугу да бутун жаап тургандыктан коркунуч жаралган эмес. Ал эми аарылар бир жерге кантип топтолгонун Мюллер мындайча түшүндүргөн: "Мен эне аарыны алып, курсагыма койдум. Ага калган аарылардын баары үйүлүп келишти. Бул кезде биз фотосессия жүргүзүүгө үлгүрдүк", - деген ал. Фотосессия ушул жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн.

Жакында эле балчы аял көз жарганын, бирок баласы жансыз төрөлгөнүн интернеттеги баракчасына жазган. Ал азырынча ымыркайдын өлүмүнүн себебин дарыгерлер аныктай электигин билдирген.

"Мен бардык аялдарга, болочок энелерге өзүңөргө аяр мамиле жасагыла деп айткым келип, бул кейиштүү окуямды жаздым. Эмгекчил болгон жакшы, бирок аял жана анын баласынын саламаттыгы бекем болушу үчүн ден соолук башкы орунда", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
21.11.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акылы кем...
21.11.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamanaresi,Коз тийди
21.11.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХ баландан дагы аарылар кымбат турба буга
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-21 16:06:17
21.11.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тушунбодум ошондо бала ичтен олуп калса билинбей журо береби ?Бала бир кун кыймылдабай калса эле врачка жугуробузго?Эгер аарынын зыяны тийгенде ичинде олуп калмак.Торорго жакын бала тируу болуп анан толгоодон кийин олук туулса анда врачтардын айыбы бар туура эмес дем алдырып же башка нерсе кылып алышкан.
21.11.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биякта туруп менин денем дуркуроп кеттиго! Топ аары эмес бир аарыдан коркосун, бул аялда журок дагы бар экенда.
21.11.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аарынын таптакыр тиешеси жок экен баланын олуу торолушуно. Орусчасын окудум. Элдер ойлошсо керек да,аары чагып олуп калган окшойт деп.
21.11.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда эки кана оору бар коз тийди же суук тийди Эми баары Кудайдан
22.11.2017. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого зар дуйно,бироого кар дуйно,бир топ эмес эки аары чаксын эсинди оодара койот, сентябрь айында эн кучке толгон кези
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: