super.kg logo
  Саясат  

Депутат Матраимов министрликтердеги кызматтык унаалардын санын кыскартуу керектигин айтты

 

КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов министрликтердеги кызматтык унаалардын санын кыскартуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда парламенттин тийиштүү комитетинде билдирди.

“Биз бай мамлекеттерге окшоп жашайбыз. Кээ бир министрлер Жип үлгүсүндөгү кызматтык унаалар менен жүрүшөт. Чет мамлекеттерде министрлер коомдук унаалар менен жумушка барып келишет. Алар деле иштеп жатышат. Депутаттар деле өзүбүздүн унаалар менен жүрөбүз. Айрым эл өкүлдөрү коомдук транспорт менен эле жүрүшөт. Министрликтердеги унаалардын санын кыскарта турган оюңар барбы?” - деп депутат каржы министри Адылбек Касымалиевге кайрылды.

Адылбек Касымалиев акырындык менен кызматтык унаалардын санын кыскартуу жолуна түшүү керектигин айтты. "Бирок азыр мындай жолго түшө албайбыз го. Чет мамлекетте министрлер парламентке 1 жылда бир эле жолу барышат”, - деди министр.

Матраимов: "Сиз дагы жөө келип, жөө кетсеңиз 1 жылда бир жолу чакырабыз. Эгерде ар бир социалдык объект убагында курулса, укук коргоо органынын сураган акчасын убагында берсеңиз сизди эч ким чакырбайт”, - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: