super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жигиттерге биринчи болуп өздөрү сүйүүсүн билдирген кыздарга көз карашыңар кандай?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар сүйүүсүн биринчи болуп билдиришине кандай карайсыңар?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Акыркы кездерде кыздар биринчи болуп сүйүүсүн айтып, ал тургай ачык эле "алсаң тием, качан аласың, үйлөнүп алалы" дегендерди көп угуп жатам. Бул мага туура эместей сезилет, силер кандай карайсыңар" - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кыз кылыгы менен" деген макал бар го. Өзүнүн намысын жыйыштырып, жигитке биринчи "сүйөм" деп айткан туура эмес. Жеңил ойлуу, ушуга окшоп өзү жабышкан кыздар бат алданат. Чыныгы сүйүү никеден кийин деп эсептейм. А эгер ушунчалык сүйүүсү ашып-ташып баратса, жакшы мамиле менен билдирсин, "сени сүйөм" деп айтпастан. Биздин менталитетке туура келбейт деп эсептейм".

"Кыздар ошентсе көңүлүн калып калат экен".

"Созулуп, уялып айтпай жүргөн мырзаларга караганда тарс-тарс айткан кыздарды колдойм".

"Түз эле көз караштамын. Сүйүп калса айтсын, ичинде арман кылып жүрө бербей. Сүйүүдө кыз менен жигиттин укугу бирдей эле".

"Бетине айтпаса да "намёк" кылса болот. Азыркы заманда унчукпай жүргөн адам көп нерседен куру калат. Ошол эле убакта кыз бала чектен чыкпашы керек".

"Кыз үчүн сүйүүдөн дагы намыс күчтүү болуш керек го, акылы тетик жан болсо. Кантип уялбай барып "мен сени сүйөм" дейт? Жашоо жалаң эле сүйүүдөн куралбайт, казан-аяк кагышат, өйдө-төмөн жагдайлар болот. Ошондо көрөм, тартынбай сүйүүсүн билдирген кыздын сүйүүсү чекесине шам, чырак болуп жагыларын. Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы. Биздин менталитет менен кыз сүйүүсүн арнап жыргап кетпейт эч качан".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.11.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен лично колдойм приям бетине айтпаса да кылыктары менен жакшы мамилеси менен билдирсе болот
21.11.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
daniel87,оа))жигитин паркка киного апарып дегендей))
21.11.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кому как бирок... Мен кошулбайм! Ар бир адам озунун оордун билиши керек. Уят олумдон катуу
21.11.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздын кыздай кыштын кыштай болгону жакшы !
21.11.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tatynakaika1998,каерден болосун чон кыз
22.11.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жат корунуш бизде. Эн негизгиси кыз намысын, абийрин сакташ керек. Мейли тийди ,анан жашоосу кандай болот. Кыздын оюндагыдай болбойт бул жашоодо. Эркек каалайбы колукту кылып алат, а кыз эмес.!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: