super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары Эл аралык сотко кайрылышат

 

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекендин" абактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча алардын жактоочуларынын көзөмөл арызын карап, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Жактоочулардын бири Канат Хасанов иш материалдарды карап чыгып, жаңы жагдайлар боюнча Эл аралык сотторго кайрыла турганын билдиришти.

"Биз төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмү далилсиз экенин жүйө келтирип бердик. Бирок Жогорку Сот чечимди күчүндө калтырып койду. Эми иш материалдарды кайрадан карап чыгып, жаңы жагдайлар боюнча Эл аралык сотторго кайрылабыз", - деди Хасанов.

Жогорку Сот өкүмдү күчүндө калтырганы менен мунапыстын негиздемесин өзгөртүп, мазмунун ошол бойдон калтырды. Тактап айтканда, өкүмдөгү "2014-жылдын 27-январындагы чыккан “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына мунапыс жөнүндө мыйзамы" деген сөздөр "2011-жылдын 19-июлундагы “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” деп алмаштырылды.

Райондук соттун өкүмүндө алардын жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бири кыскартылган. Тергөө абагындагы өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелип, кыскартылган жаза мөөнөтү 4,5 жылды түзөт.

Эске салсак, 16-августта райондук сот тарабынан Текебаев жана Чотонов күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлктөрү конфискацияланып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салуу каралган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
21.11.2017. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кыласынар ошенткиле.
21.11.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gute,Текебаевге Эркиндик
21.11.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура камаш к.к реформа начар жургузулгон.мыйзам начар жазылган жыйынтыгында парламентте ХХХХ депутаттар олтурат.а призденттин командасына соз жок шоопурлар бийлеп эл башкарып калды. Жыйынтык болсо эл тентип сырткы карызыбыз кобойду эми ушулар реформа жасады жакшына мыйзам жазды элге жакшына узурун берип жатат деп ким айта алат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-22 09:07:45
21.11.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми бийлике каршы суйлой турган эч ким калбады. Баары камакта.
22.11.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушулар эч токтобой койдуго. Акырын эле ким билди кылып жиберсе
22.11.2017. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сокени туура эмес жакка басса оз шору деди...
22.11.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текебаевда эл ойлогондой аппак эмес, эл учун эмес оздорунун кызыкчылыктарынан улам абака кесилди. Эми чет элдик сотторго кайрылуу чет элдиктердин Кыргыз элинин ички ишинеда аралашууга кондурот. Бизде ата мекен жерди ойлогон эч ким жок баары озунун иши учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: