ӨКМ: “2012-жылдан бери 1 660 өзгөчө кырдаалдар катталды”
2012-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин 1 660 өзгөчө кырдаалдар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын кесепетинен 480 адам каза болуп, материалдык чыгым 5 миллиард 794 миллион 100 сомду түзгөн.
“Өзгөчө кырдаалдардын ичинен жер титирөө 19 жолу, жер алдынан чыккан суулар 29 жолу, катуу бороон 4 жолу, муз каптоо 18 жолу, мөндүр 20 жолу, суу ташкыны 75 жолу, жаратылыштагы чоң өрттөр 2 жолу, үшүк жүрүү 5 жолу катталган”, - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.