super.kg logo

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе кызматтан кетти

 

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 21-ноябрда жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, президенттин арызын өлкө парламентинин төрагасы Якоб Муденда окуп берген. Аны депутаттардын көпчүлүгү кубануу менен кабыл алышкан. Мугабенин кайрылуусунда, бийликти тынч өткөрүп берүү үчүн өз эрки менен отставкага кетип жатканы айтылган.

Бүгүн өлкөнүн парламенти президент Роберт Мугабеге импичмент жарыялоо чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык өлкө башчы 24 сааттын ичинде кызматтан өз эрки менен кетиш керек болчу.

Буга чейин Мугабе отставкага кетүүдөн баш тартып, башкаруучу партиянын лидерин шайлоону талап кылган. Ошондой эле ал эгер жеңилип калса гана бийликтен кетерин жана ал жалгыз легитимдүү башкаруучу экенин айткан.

Айта кетсек, 14-ноябрь түнү Зимбабвенин борбору Харареде аскер кызматкерлери оор техникалар менен бир катар мамлекеттик мекемелерди көзөмөлгө алышкан. Кийинки күнү өлкөнүн президенти 93 жаштагы Роберт Мугабе жана 52 жаштагы аялы Грейс Мугабе кармалып, үй камагына алынган болчу. Зимбабвенин аскер кызматкерлери өлкөдөгү окуяны "аскерий төңкөрүш" деп атоодон баш тартышып, президенттин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан.

93 жаштагы Роберт Мугабе отуз жылдан бери Зимбабвени башкарып турган. Ага чейин дагы жети жыл өкмөттү жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
21.11.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздики да кетип жатат))
21.11.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Э бу Африка олколорун эмне кыласынар,крокодил же горилла президент болсо деле барибир эмеспи.Озубуздо жанылык толтура го,кыкелердин турмушунан жазгыла да.

22.11.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаевдида кайра келбейтурган кылып жетелей кетчи сураныч.
22.11.2017. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jbolotov,Аны Обамага айтыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: