Токон Мамытов өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 1-июнда Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакунов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Ал эми губернатордун ордуна убактылуу Токон Мамытов өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалганын өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Айта кетсек, бүгүн, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Караколго барып, Токон Мамытовду облустун активи менен тааныштырды. Токон Мамытов буга чейин Чек ара кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

