super.kg logo

СУПЕР ТВ: Биринчи топтогу майып эне: "Кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу"

 

SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмүндө биринчи топтогу майып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 баланын энеси тууралуу аянычтуу сюжет даярдалды.

Көзүнө көл-шал жаш алган Гүлмира Болотбекова 48 жашта. Ал башынан инсульт алып, жарым жан болуп калган. Мындан тышкары бөйрөгү да жакшы иштебегендиктен заарасы чыкпай кыйналат. Мектеп жашындагы 5 баласы бар. Эң улуусу 11-класста окуйт.

"Ушул балам колума кол, бутума бут болуп жүрөт. 5 балама татыктуу эне боло албай, тескерисинче буларга бактырып калганыма жаным ачыйт. Биринин китеби жок болуп калат, биринин дептери жок. Алты саным аман болсо эле иштеп, эч нерседен кем кылбай багайын дейм. Кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу экен..."

Гүлмира Болотбекова Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскер кичи районунда батирде турат. Анын акысын төлөй албай кыйналып, бир ирет майыптарга ылайыкташкан арабасын сатууга аргасыз болгон. Аны сатып алган кардар да 4000 сомго баалап, 1000 сомун кийин берем деп 3000 сомун карматып кеткен боюнча келген эмес.

Сюжетти толугу менен көрүү үчүн шилтеме аркылуу "Супер ТВ" бөлүмүнө өтүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: