super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

 

Бүгүн, 1-июнда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жана Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаарындагы абал  боюнча, ошондой эле ушуга байланыштуу  мамлекеттик органдардын кабыл алган чаралары тууралуу маалыматты укту. Ошондой эле өлкөдө жалпысынан туруктуу абал сакталып тургандыгы белгиленди. Кыргызстандын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык региондордо өз пландарына жана программаларына ылайык социалдык-экономикалык милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштерин жүргүзүп жатышат. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчүн жана өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде укук коргоо органдарынын алдында  коюлган милдеттерди ишке ашыруунун зарылчылыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: