super.kg logo

Жаныбарлардан 18+: Кайсы жандык кантип жупташат? Таң калычтуу фактылар

 

Тукум улоо - бул жалгыз гана адамзаты үчүн маанилүү нерсе эмес. Тирүү жандыктар, анын ичинде жаныбарлар, курт-кумурскалардын да артына урук калтырып, тукум улоосу - табияттын мыйзам ченемдүү көрүнүшү экени талашсыз. Төмөндө сиз зоология сабагынан окубаган, ары таң калычтуу, ары кызыктуу жупташуулар тууралуу маалымат аласыз.

Кыбыраган ленивец тез жупташабы же маалкатабы?

"Кыймылы боюнча эң кыбыр жаныбар аталган ленивецтин (илимий аталышы - Choloepus didactylus) жупташуу процесси тез ишке ашат" деп жазат National Geographic журналы.

Шашпай, жалбырактын маңызын чыгара чайнап, өмүрүнүн көбүн уктап өткөргөн бул жалкоо жаныбарлар 1 күндө 10 метрге жетпеген аралыкка жылып, суткасына 20 саатка чейин уктайт. Алар бактарга асылып жүргөндүктөн, аптасына 1 эле жолу жерге түшөт, ошондо да "турмуш кыстаганда".

Ленивецтер бакка башы ылдый асылган боюнча тамактанат, уктайт, тууйт, ал тургай жупташат. Бул жаныбардын жупташуусу тууралуу эки ача ойлор бар, далилдер аз. Балтимордогу улуттук аквариумдун куратору Кен Хауэлл: "Менин оюмча, алардын тууп же жупташып жаткан учурун эч ким көрбөсө керек. Жупташуу ишине келгенде алар биз күткөндөй сааттап кошулбайт. Ошол себептен эч ким көргөн эмес", - дейт.

"Андай эмес" дейт экзотикалык жаныбарларды изилдеген адис Марк Розенталь National Geographic журналына берген маегинде. "Мен алардын жупташуу учурун видеого тартып алгам. Анда эркеги ургаачысын көндүрүүгө аракет кылат. Ургаачысы макул болот, эркеги жупташуу процессин ишке ашырууга аракет кылат, кыбырап. Ургаачысы аны күтөт... Видеону аягына чейин көрүүгө чыдамыңыз жетеби? Анда күтүңүз, алар ленивецтер да", - дейт Розенталь.

Чаяндар танго бийлеп жатып жупташышат

Чаяндардын (илимий аталышы Scorpiones) эркеги ургаачысынын көңүлүн бурдуруп алгандан кийин экөө айсыз түндө сейилдөөгө чыгышат. Ыңгайлуу учуру келгенде эркек чаян кыпчууру менен ургаачысынын алдынкы 2 кыпчуурун кыпчыйт да тангого окшош бийди "бийлеп" башташат. Мындай кыймыл-аракет учурунда эркек чаян жерге урук толтурулган жумурткаларын таштайт. Андан ары бийин уланткан чаян ургаачы чаянды жумуртка ташталган жерге туштоого аракет жасайт. Анан ургаачы чаян жумурткаларды денесине кабыл алып, натыйжада ал уруктанат. Сырттан караганда өзүнчө эле романтика. А негизи бул бий чаяндардын тукум улоо аракети. Баса, эркек чаян ургаачысынын кыпчуурун кыпчып алганынын себеби, жупташуу учурунда ал "ата чаяндын" башын жулуп албас үчүн алдын ала көргөн аракети.

Төөлөр ургаачысын көргөндө шилекейи куюлуп калат

Ургаачы төөнү көрүп дүүлүккөн эркек төөлөр (илимий аталышы Camelus) көп көлөмдө шилекей бөлүп чыгарып калат. Бул дагы эч нерсе эмес, ургаачысынын көңүлүн көбүрөөк өзүнө бурдуруу үчүн шилекейинен күлгүн түстөгү чоң көбүктөрдү үйлөп чыгарып башташат. Кызыктай көрүнүш.

Эркек төөлөрдүн бул аракети чындыгында текке кетпей, шилекейден үйлөнгөн көбүккө азгырылган ургаачы төөлөр четтен чыгып, аны жандап калышат.

Тукум улоо үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган аарылар

Аарылардын (илимий аталышы Anthophila) арасында атаандаштык абдан күчтүү. Ханыша менен жупташып, өзүнүн гана тукумун калтыргысы келген аарылар өз өмүрүн курмандыкка чалууга барышат. Эркектери ургаачы аарынын жыныстык органын бекитип салуу жолу менен атаандаштыкка чекит коёт.

Бул аракет абдан оригиналдуу жол менен жасалат. Тактап айтканда, эркек аары ургаачысы менен жупташып, уруктандырган соң жыныстык мүчөсүн үзүп, ургаачы аарынын ичине калтырып кетет. Мындан кийин башка эркек аарылар аны менен жупташуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Мындай мүмкүнчүлүк менен аары өмүрүндө бир гана жолу пайдалана алат. "Эркектик аброюнан" айрылып калган аары көп жашабай, тез эле өлүп калат.

Акыралар ургаачысынын заарасын даамдап көрөт

Ургаачы акыранын (илимий аталышы giraffa camelopardalis) жупташууга даяр экенин билүү үчүн эркек акыра аны жамбашка башы менен сүзүп, заара ушатууга мажбурлайт. Ургаачы акыранын заарасын даамдап көргөн эркеги анын даамынан жупташууга даяр же даяр эмес экенин аныктап алат. Эгер ургаачынын даяр экенин билсе, ал жупташууга макулдугун бермейинче күндөп аркасынан ээрчип жүрө берет. Эгер ургаачыга эркек акыра жагып калса аны аркасынан ээрчитпей эле дароо заарасын сунуштап, макулдугун берет.

Ургаачысын шантаж кылган суученегичтер

Суученегич - (илимий аталышы Gerridae) жандыктары суунун үстүнөн чуркоочу укмуш касиетке ээ. Алар жупташуу үчүн ургаачыларын көндүрүү оңой эле. Макулдугун бербей жаткан ургаачы суученегичти баш ийдирүү үчүн эркеги суунун үстүн таманы менен чапкылап толкун пайда кылат. Коркуп кеткен ургаачысы макулдугун берүүгө аргасыз болот. Себеби бул жандыктар суунун үстүндө билинбей жылып жүрүшөрү анык. Эгер суунун бетинде толкун пайда болсо, суу астындагы балык же башка душмандары келип жеп кетиши ыктымал. Эркек суученегичтин толкун кылуусун токтотуу үчүн ургаачысы макулдугун берүүгө аргасыз болот. Мындан дагы кыйыны, бир эле жупташууда эркеги ургаачысын өмүрүнүн аягына чейин жеткидей уруктандырып таштайт. Ошентип ургаачы суученегич өлгүчө жумурткалап жүрүп өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(11)
22.11.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Укмуш го чиркин. Коендорду жазып койбоптур. Пттттттттттррррррр деп туруп жыгылып тушконун)))
22.11.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Isco23,хаха бизде коен бар эле эркек каалап калганда эч нерсеге конулу чаппайт экен.. эч жерди карашпай пытыраап кулап тушот экен
22.11.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Шумдугун кургур. Тоолор дагы бизге окшош болот турбайбы. Коргондо биздин дагы шилекей куюлуп кетейин дейтко
22.11.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шумдук!
22.11.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))
22.11.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адамдар аарыдай болгондо эркектер качан эле кырылып калмак экенбиз.
22.11.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жыныстык катнаш адамдарда эки максаттуу болот. 1-Уруктануу, 2-дене кумарын кандыруу. Ал эми жаныбарларда табияттын негизинде уруктануу гана болот. Ошол себеп адам каалаган учурда жыныстык катнаш кыла берет. А жаныбарлар жылдын кайсы бир убагында гана.
23.11.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vavilon.,туура айтасын
22.11.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чаянды коруп эле коркосун го...
22.11.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Атангору,тема болбосон кое кал.Улам алдыга жылып жатабыз.Кийинкиде гейлердин жупташууларын кенири баяндап беришет окшойт.Башка эротический фантазия калбады окшойт
24.11.2017. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур бою октоп койгону жакшы экен суу ченегичтин )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: