Жантөрө Сатыбалдиев Тамга айылындагы подстанцияга кетти
Азыркы тапта өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы подстанцияга кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Анын айтымында, Саруу менен Тамга айылындарында чогулган эл бар. Ж.Сатыбалдиев алгач Тамгадагы чогулган эл менен сүйлөшүп, подстанциянын абалы менен таанышмакчы. Эске салсак, "Кумтөр" ишканасына электр энергиясын берүүчү Тамга айылындагы подстанция митингчилер тарабынан 2 ирет өчүрүлүп, кайра калыбына келтирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

