Аида Салянова инисинин өлүмү боюнча ИИМ туура эмес маалымат берип жатканын айтты
Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалымат берилип жатат. Анда депутат инисине болгон кол салуу боюнча ИИМ туура эмес маалыматтарды берип жатканын айтты.
"Бул жерде министрдин орун басары туура эмес маалымат берип жатат. Ал үйгө 3 киши кирди деген туура эмес, андан көп болгон. Анын баласы 8 секундда кошунасынын үйүнө качып чыгып, сиздер Патрулдук милиция айдап келген унаа деп айткан машинаны көргөн. Балким, сиз тергөөчүлөр менен бирге процесстерге катышпаган үчүн жаңылып жатасыз", - деди Салянова.
Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
erlist

22.11.2017. 13:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кылмыш ачылбайт ойдо жактагылар контролдоп атат.Инисинде эмне куноо балдарын жетим калтырып...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.