super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев мурдагы жан сакчыларына генерал наамдарын ыйгарды

 

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору Болотбек Сүйүмбаевге "генерал-майор" наамын берди. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Сүйүмбаевге Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоого олуттуу салым кошкону үчүн "генерал-майор" наамы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 20-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев кызматтагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында буга чейинки өлкө башчылар канча генералдык наамдарды тапшырганын айткан. "Бакиев 6 жыл ичинде 31 адамга "генерал" наамын берген, алардын бири анын бир тууган агасы. Роза Отунбаева 1,5 жыл ичинде 13 адамды генерал кылган. Атамбаев 6 жыл ичинде 8 адамга генералдык наам берди", - деген Атамбаев.

Буга чейин президент ички иштер министри Улан Исраиловго "милициянын генерал-майору" атайын жогорку наамын ыйгарган. Сүйүмбаев Атамбаевдин оппозициялык ишмердүүлүгү учурунан баштап көп жылдар бою анын жеке жан сакчысы болуп иштеген. Исраилов Атамбаевдин президенттигинин баштапкы жылдарында жан сакчысы болгон.

Исраилов менен Сүйүмбаев мурун Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары болгон






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: