super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: Корейлердин Таттыбүбүсү... Сулуулуктун символуна айланган актриса Соң Хе Кйо 36 жашка толду

 

Корей сериалдарынын классикасы болуп калган “Күз жомогу” жана “Ва банктан” старт алган атактуулук... Арадан 15 жыл өткөндөн кийин да популярдуулугун жоготпой, бир канча өлкөлөрдө рейтинг жараткан “Күндүн мураскерлери” дорамасы... Андан тапкан махабат... Мунун баары бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан Соң Хе Кйо тууралуу.
1981-жылы төрөлгөн актриса карьерасын кино талаасынан эмес, моделдиктен баштаган. “Көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, сынактан көзгө илинген өспүрүм кызды 1996-жылы “Бактылуу таң” деген сериалга тартылууга чакырышкан. Бирок ал корей сериалдарынын сүйүүчүлөрүнө 2000-жылы жарыкка чыккан “Күз жомогу” аркылуу гана таанылат.
Ал эми 2002-жылы тартылган кумар оюндары жөнүндөгү “Ва-Банк” сериалынан кийин Соң Хе Кйонун сүймөнчүк катары статусу биротоло бекемделип, атагы ого бетер артат.
2004-жылы эл алдына тартууланган “Жылуу уя” сериалында актриса көрөрмандарын комедиялык образы менен кубанта алган. Ушул жерден айта кетүү керек, дээрлик бардык тартылган сериалдарынан кийин сулуу атактууга байланыштуу ушак сөздөр жаңыланып турган.
Ал эми соңку тартылган сериалдарына келсек, анда 2013-жылы чыккан "Ушул кышта шамал согот" дорамасын белгилөөгө арзыйт. Анда актриса Чо Ин Сон менен башкы каармандардын бирин эсте каларлык ойногон.
Соң Хе Кйо ушул жылдын 31-октябрь күнү актёр Соң Жуң Киге турмушка чыкты. Ал жолдошу менен "Күндүн мураскерлери" сериалына чогуу тартылып, табышып калышкан. Актриса күйөөсүнөн 4 жашка улуу.
Учурда Соң Хе Кйо тасмаларга тартылгандан тышкары жарнамалык роликтерге жана фотосессияларга көп чакыруу алган эң белгилүү корей жылдыздарынын сап башында.
2010-жылы декабрда европалык “BAZAAR” мода журналынын “Дүйнөнүн 100 эң сулуу айымы” деген тизмесинде Соң Хе Кйо 18-орунду ээлеген, ал эми азиялык атактуулардын ичинен 1-орунду илип кеткен.
22-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(7)
22.11.2017. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага абдан жагат
22.11.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бугун менин братишкамдын да туулган куну Сон Хе Гё туулган кун кут болсун
22.11.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дорама деген емне деген тушунбодум же драма дегенби ? билгендер айтып койгулачы
22.11.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Beks.Kasymov,драманын экрандашканы дорама болот
22.11.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты актрисса, бирок 2002, 2004 жылдагы кинолору менен 10 жыл кийинки кинолорундагы актриссаны коруп, убакыт оз созун айтат экен деп калдым...
22.11.2017. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх ва банк
23.11.2017. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык дорамаларын коруп чыккам.абдан сонун.чынында мыкты актриса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: