super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков: "2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көп акча сарптабайбыз"

 

2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө өкмөт ири көлөмдөгү каражат сарптабайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын пикиринде, аталган оюндарды өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп бүткөн. "Бул чоң улуттук долбоор. Бирок кийинки жылы өткөрүүдө бизге жеңил болот. Анткени бардык шарттар түзүлүп бүткөндүктөн мурдагыдай болуп ири көлөмдөгү каражат жумшабайбыз", - деди Исаков.

Өкмөт башчы туризм багытындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн тыкыр изилдеп чыгуу керектигин кошумчалады. "Туризм департаменти инвестиция тартуу менен иштеши керек. Азыр департамент жакшы иштебей жатат, көйгөйлөр көп. Тоскоолдук жаратып жаткан көйгөйлөрдү тыкыр изилдеп чыгып чечиш керек", - деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: