Чек ара кызматынын башчысынын ордуна Искендер Мамбеталиев келди

Чек ара кызматынын башчысынын ордуна Искендер Мамбеталиев убактылуу келди. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. "Биздин эреже боюнча, кызматтын башчысы иштен кетсе анын ордуна штабдын жетекчиси иш алып барып турат",- деди Бөрүбаева. Айта кетсек, Искендер Мамбеталиев - Чек ара кызматынын штаб башчысы. Эске салсак, бүгүн өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовду өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү кылып дайындаган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

