super.kg logo

"60 дарыгер иштеген "Бейиш" медициналык борборун үч бөлмөсү гана бош имаратка күчкө салып көчүрүп жатышат" дейт аталган борбордун жетекчиси

 

Бишкекте 60 дарыгер иштеген "Бейиш" медициналык борборун үч бөлмөсү гана бош имаратка күчкө салып көчүрүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда "Бейиш" медициналык борборунун жетекчиси Оморбай Нарбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, 16-ноябрдан бери кызматкерлер Чүй №122-дарегинде жайгашкан "Бейиш" медициналык борборуна кире албай жатышат.

"Аталган имарат 23 жыл "Бейиш" элдик дарыгерлер борборунун эсебинде турду. Кийин атка минерлер кийлигишип жатып, президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп тынышкан. Бул нерсени ишке ашыруу үчүн мени "имаратты банкка күрөөгө коюп акча алып, аны туура эмес колдонуп коромжуга учураткан" деп Отунбаевага, Атамбаевге да жамандап жүрүштү. Эми бул имараттан толук көчүрүп чыгуу аракеттерин көрүп жатышат.

Имаратка биз 50 миллион сомго чукул каражат коротуп оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөнбүз. Ал жерде атайын медициналык шарттар түзүлүп, дарыгерлердин иштөөсүнө ыңгайлашкан. Андан кызыгы бизди көчүрүп жатышкан жаңы имаратында бош 3 эле иш бөлмөсү бар экен", - дейт Оморбай Нарбеков.

Айта кетсек, буга чейин Бишкектеги "Бейиш" медициналык борборунун имаратын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери үчүн бошотулуп берилип жатканы тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришкен.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.11.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейиш бул элдик табыптарбы же козу ачыктарбы
23.11.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочурбой эле жок кылыш керек буларды. Бардыгы козу ачыктар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: