super.kg logo

"Бейиш" медициналык борборунун кызматкерлерин имараттан көчкүлө деп коркутуп жатышат" дейт аталган борбордун кызматкери

 
Зоя Кириченко

"Бейиш" медициналык борборунун кызматкерлерине алар отурган кеңседен көчүрүү аракетинде коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда аталган борбордун илимий кызматкери Зоя Кириченко маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, "Бейиш" медициналык борборунун кызматкерлерин көчкүлө деп жаткан жаңы даректе бош 3 эле иш бөлмөсү бар экени аз келгенсип, шарты жок.

"Биздин борбордо жалаң жогорку категориядагы дипломдуу дарыгерлер иштейт. Бизге шыпаа издеген адамдар аймактардан гана эмес, Казакстан, Түркия жана бир нече мамлекеттерден келишет. Бизде 60 кызматкер иштейт, алардын миңдеген дарылоо процесстерин жүргүзүп жаткан бейтаптары бар. Биздин кызматкерлерди 16-ноябрда көчкүлө деп иш бөлмөлөрүнө киргизбей коюшкан. Ошондон бери биздин кызматкерлер кире алышпай алар дарылап жаткан миңдеген адамдар күтүп калышты.

Андан сырткары биздин кызматкерлерге Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлери телефон чалышып орой түрдө көчүп чыккыла деп коркутуп жатышат. Көчүшпөсө медициналык жабдууларын көчөгө чыгарып салышарын жана биздин ишибиз УКМК тарабынан иликтенип жатканын айтып коркутушууда. Биздин ишибизди УКМК иликтегендей биз эмне террористпизби?" - дейт Зоя Кириченко.

Айта кетсек, буга чейин Бишкектеги "Бейиш" медициналык борборунун имаратын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери үчүн бошотулуп берилип жатканы тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: