super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт "Кумтөр оперейтинг компанинин" жетекчилигинен 3-июнда ишкана толук иштөөсүн суранды

 

Өкмөт "Кумтөр оперейтинг компанинин" жетекчилигинен 3-июнда ишкана толук иштөөсүн суранды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен "Кумтөр оперейтинг компани" ишканасынын вице-президенти Родни Ступариктин жолгушуу учурунда маалым болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев аймактагы коомдук-саясый кырдаал тууралуу айтып берди. Ал кырдаал турукташып, коменданттык саат киргизилип, кенге электр энергиясын берүү калыбына келтирилгендигин белгиледи. Өз кезегинде Родни Ступарик Кумтөр кениндеги кырдаал тууралуу маалымат берип, ишкана мурдагыдай эле иштеп жаткандыгын айтты. “Эки күн биз кен казып алууну жүргүзгөнүбүз жок. Бирок күйүүчү май жеткирилери менен казылып алынуучу кендин көлөмү мурдагы деңгээлге чыгат, жалпы өндүрүштүк процесске таасир бербейт. Бош тоо тектеринин жылышы боюнча да ал жакта иш улантылууда”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: