super.kg logo

Орустун белгилүү опера ырчысы Дмитрий Хворостовский 55 жашында каза болду

 

Орусиянын белгилүү опера ырчысы Дмитрий Хворостовский 55 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ырчы бүгүн, 22-ноябрда чет өлкөдөгү ооруканалардын биринде көз жумган. Буга чейин анын баш сөөгүндө шишик бар экени аныкталып, ал аталган оору менен күрөшүп келген.

"2,5 жылдан ашуун убакыт оору менен алышып келип, бүгүн 55 жашында дүйнөдөн кайтты. Биз бир гана мыкты ырчыны эмес, күйөө, ата, мээримдүү инсанды жоготтук", - деп билдиришкен анын жакындары.

Дмитрий Хворостовский 1962-жылы 16-октябрда туулган. 1982-жылы музыкалык окуу жайды аяктап, ошондон тарта чыгармачылыкка киришкен. Быйыл орус өлкө башчысы Владимир Путин тарабынан "Ата-журтка сиңген эмгеги үчүн" IV даражадагы сыйлыгы менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2017. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дүйнөдөгү атагы чыккан эң күчтүү эстен кеткис балбан ырчыны жоготтук, биз классиктер үчүн чоң сабак болгон үлгү көрсөткөн чоң биздин кумирлерибиздин бири болчу, аттиң залкар ырчы арабыздан кетти бирок жүрөгүбүздө жашайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: