Депутат Касымалиева латын арибине өтүүдөн чочулабашы керектигин айтты
КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева көп тилдүү билим берүүдө электрондук китепканаларды түзүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 22-ноябрда “Парламент” радиосуна билдирди.
Касымалиева коңшу өлкөлөр латын арибин колдонуп жатышканда, кыргыз эли да бул жөрөлгөдөн чочулабаш керектигин белгиледи.
“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Талант Мамытов мектептерге көп тил билүү боюнча программа киргизүү тууралуу оюн билдирди. “2022-жылга карата кыргыз, орус жана бир чет тилдерин мектеп программасынын деңгээлинде билген бүтүрүүчүлөрдүн саны 70 пайызга жеткирилиши керек. Ал эми үч тилде сабак окуткан мектептердин эсеби 40 пайызды түзүүсү зарыл. Миграциялык агым заман шарын шарттап жаткан соң, тил билүү маданиятын балдар бакчасынан баштап, мектеп программасында жетиштүү өздөштүрүп калууга үлгүрүү керек. Буга каражат жана аракет керек”, - дейт Мамытов.


Аида Касымалиева
Aida Kasymalieva-кайсынысы жакшы көрүнөт экен?
Бул катын болсо Батыш каржылаган уюмда иштоочу, ошол алган акчаларын актап жейин деди окшойт, латын арибин айтып калыптыр... Бизге Батышын да, латын арибин да, озун да керек эмессин Аида!!!
Анан калса учурда тышта 1 миллиондон ашуун мигрант бар, алардын 90%ти Россияда, 1%ти Америкада. Ошондо 90% калып 1% мигранттарды ойлойлубу?!!
Аида Касымалиева керексиз нерселерди жыйыштырып актуалдуу маселелерди которсо болбойбу, мисалы жол кырсыктары, ИИМдеги коррупция ж.б...