super.kg logo
  Саясат  

Түрк, Иран жана Орусия лидерлери Сириянын келечегин Сочиде талкуулашты

 

Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган, Иран өлкөсүнүн башчысы Хасан Рухани Сочиде өткөн үч тараптуу жолугушууда Сириянын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Орус лидери Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү абалдын турукташышы керектигин айтып, араб республикаларын калыбына келтирүү боюнча атайын программа иштеп чыгууну сунуштады.

"Сириядагы террордук топторго каршы ири аскердик чабуулдар аягына чыгып жатат. Сириянын мамлекет катары сактап калууда Орусия, Иран жана Түркиянын аракети ийгиликтүү болду", - деди Путин.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын бул маселеде өзгөчө пикири бар экенин айтты. "Биз түзгөн келишимдер маанилүү, бирок жетиштүү эмес. Бардык кызыкдар тараптар буга дайым салымын кошушу керек. Бардык саясий чечимдер Сирия элине жага тургандай болушу шарт", - деди Эрдоган.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына караганда, Сириядагы согуштун кесепетинен 300 миңден ашуун адам каза болуп, 5 миллион адам үй жайын таштап өлкөдөн качып чыгууга мажбур болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: