super.kg logo

Канат Исаевдин соту. Прокурорлор күбөлөрдүн кыргыз тилинде көрсөтмө берүүсүнө каршы чыгышты

 

Бүгүн, 23-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин кылмыш иши боюнча соттук отуруму уланууда. Учурда күбөлөр Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри болуп турганда борбордук базардын жанындагы 37 сотых жерге соода түйүнүн курууга уруксат берилиши боюнча көрсөтмө берип жатышат.

Шаардык кеңеште 8 жыл депутат болуп, аталган жерге соода түйүнүн курууга уруксат бергендердин бири Тынайбек Сансызбаев алгач көрсөтмөсүн кыргыз тилинде берүүгө аракет кылды. Бирок мамлекеттик айыптоочулар анын кыргыз тилинде көрсөтмө берүүсүнө каршы чыгышты. "Кыргыз тилинде эмес, орус тилинде гана көрсөтмө бериңиз", - дешти прокурорлор. Мындан улам Сансызбаев көрсөтмөсүн орус тилинде берди.

Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаганы маалым.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
23.11.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай бокбасарлардын айынан тилибиз өнүкпөй жатат. Күбө укугунан пайдаланып кыргыз тилинде сүйлөй берсе туура болмок
23.11.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туу-ата.муну кантип Кыргыз мамлекети дейбиз:(
23.11.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай адамдар кыргыз элинин душмандары өз жеринде кыргыз тилинде сүйлөй албасак анда Россияга кошулуп кетели ушунчалык орусча уккунар келсе. Анда эч нерсе жей албай каласыңар ачка каласыңар.
23.11.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президент кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мынча миллион сом бөлүндү деп мактанып жатат эмне кереги бар жыйындарды, мындай сот процессин кыргыз тилинде жүргүзө албасак. Акчасыз эле бардык жыйындарды, иш кагаздарды кыргыз тилинде жүргүзө турган болсок кыргыз тилин өнүктүргон болобуз. Орус тилинде сүйлө дегендер кетсин Орусияга.
23.11.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өз тилин барктабаган ХХХХ прокурор сүткор экен.эне тилиңи чанып каяка барат экенсиң.бизде да ушундай чуркаларды кыргызчага үйрөтүш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-23 13:43:37
23.11.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
прокурорду кетириш керек
23.11.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шок, шок, кайсы мамлекетте оз эне тилинде суйлоого тыю салынган? Мындай болсо Улуттук Коопсуздук Кызматынын ГКНБ нын эмне кереги бар? Анда манкурт болуп калыпбыз.
23.11.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Малго прокурор не ал россиянын прокурорубу кыргызча тушунбосо жумушун тапшырсын анда.
24.11.2017. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бир жеринди кысып,озун кыргызча суйло"десе болмок экен прокурор болумушту...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: