Депутат Конушбаев Военно-Антоновкада 850 орундук мектепте 2 500 окуучу окуп жатканын билдирди
"Кыргызстан" фракциясынан депутат Тынчтыкбек Конушбаев Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 850 орундук мектепте 2 500 окуучу окуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
"Военно-Антоновкада жалгыз мектеп бар. Ал жерде окуучулар 3 мөөнөт менен окушат. 2012-жылы 750 орундук мектеп салынмак. 2008-жылы чечим чыккан. Азыркы мезгилде 35-40 пайызы гана бүттү. Бул мектепти тез арада бүтүрүү керек. 850 орундук мектепте 2 500 окуучуга кантип билим беребиз? Мен бул маселени комитеттен дагы көтөргөм. Айылдын башчысынан кат келди. 2017-жылы мектеп бүтүшү керек болчу. Бирок каражат толугу менен бөлүнгөн жок. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алуусу зарыл", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Uulka9293

23.11.2017. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ново-Павловкада дагы 1500 окуучу окуй турган мектепте 4000 окуучу окуйт. Гимназия деп ар бир окуучудан 500 алат. Башталгыч класстардан 700 алат ысык тамагы бар деп.Ушуну дагы карап коюш керек!!!!
Uulka9293 түзөттү 2017-11-23 11:03:09
Mikra

23.11.2017. 11:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде деле Пригород мектеби жалгыз мектеп 5 айылдан келип окушат.600орундук азыркы кундо 2000 окуучу окуйт.4смена менен окуйт.0 кл кечки саат 17:00 окушат карангыда чыгышат
vangolu

23.11.2017. 11:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байтурдан тушкон акчанан мектепти бутуруп кой.байлыгын азайып кетпейт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.