super.kg logo

Депутат чиновникке: "Тоолуу аймактарда электр энергиясына жеңилдик бербесеңиз, мен сиз менен достуктан кечем"

 

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев өлкөнүн тоолуу аймактарында 2000 киловатт-саатка электр энергиясын жеңилдетилген баада берүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул маселе менен буга чейин да кайрылганын айтып, өкмөттүн өкүлүнө шарт койду.

"Тоолуу райондорго кыш мезгилинде жеңилдетилген шартта 2000 киловатт-саатка электр энергиясын берип койсок эч нерсе болбойт. Бул маселе менен кайрылганыма 6 ай болду, жооп боло элек. Тоолуу аймактарга 1000 киловатт-саат кошуп берип койсок 150 миллион сом кетет экен. Бизде ун магнаттары бир миллиард сомду жеп коюп жатат. Биз, депутаттар айтып жатабыз, жазып жатабыз. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү, Ашырбек Мойдунович, эгер бул маселени карап жазып бербесеңиз, мен сиз менен достуктан кечем. Үчүнчү жолу айтып жатам. Кат жазсаң да өкмөттөн пайдасы жок. Ат-Башы районунун бир канча айылдарында көмүр жок. Бөлүнгөн акчаны акимдер жана губернаторлор жеп коюшуптур деп жатышат. Ошондуктан укук коргоо органдары мунун баарын териштирип, элге маалымат бериши керек. Мага 30дан ашуун кат келди", - деди Жолдошбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.11.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечсен жакшы экен,бирок аткарабы
23.11.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Депутат айта берет. Айткан сөзүнөн кайта берет.
23.11.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи эле ошол лимитти алып салса эмесе бизде кыйратып нефть,газ,комур жок болсо кышкысын уйду жылытуу учун карапайым калк электроэнергиянын козун карайт .кичинекей уйду жылытыш учун эле 3000мин сом кетет .айлык болсо 7000-8000мин.
24.11.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец,бар экенсин го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: