super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суу" базарында кайыр сурап отурган келиндин балдары суукта көчөдө уктап жатат" дейт окурман

 

"Бул сүрөттөр 21-ноябрда тартылып алынды. Аба ырайы абдан суук болуп жаткан", - деп жазат окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына бүгүн, 23-ноябрда WhatsApp аркылуу.

"Ош облусундагы "Кара-Суу" базарында кайыр сурап отурган келиндин жанында балдары уктап жатат. Үйдө балдарын караганга киши жок болсо керек. Астына кагаз картондорду төшөп коюптур. Суук түшүп калды, эгер балдардын жашоосу ушундай абалда уланса алар ооруп калат. Жергиликтүү бийлик, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү көңүл бурбайбы?" - деп билдирген ал.

Келиндин астындагы кагаздагы жазуу өзбек тилинде. Анда "Аллах үчүн жардам бериңиздер, 3 балам бар. Күйөөм каза болуп калган. Балдарымды өзүм багып жатам" деп жазылган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
23.11.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бечара ичип ачышып боорум ооруп кетти айыл өкмөт жардам берсе экен .
23.11.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул бечара эмес. Бул лолу. Бизнес кылат ушул жол менен. Ошко келсен лолулор жаны туулган баланы бетине далдоо кылып койуп алып атайы бизнес жугуртушот, бул али эшнерсемес. Центр пробка коп болгон светофор бар жерге жаны туулган баласын которуп алып акча алышат. Бут тыйындарын банкка кирип 5 миндеп 5 миндеп бутундоп чыгып кетишет
23.11.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Боор ачып буга да Атамбаевден уй алып берейин дединби а?
23.11.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жок бул лолу эмес, узбек улутунан
07.12.2017. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekhaliev,айырмасы жок экоосу тен бирдей!
23.11.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай жалгыз калгандар коп.аракет кылса бир нерсе болот да.
23.11.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лолуго окшобойт го
07.12.2017. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alhamdu,бай лолу окшойтда!
24.11.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен ошол Кара Суу базарынын жанында иштейм.Базардагы ашаналарда идиш жууп тамак ташып иштеген чолондоп баскан,араба туртуп иштеген аксакал же оорукчандарды коросун.Иштеп деле акча тапса болмок бул тууганыбыз деле.дагы билбейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: