super.kg logo

Өкмөттүк аппараттын өкүлү: “Жолдорубуз 10 жыл мурункуга салыштырмалуу жакшы”

 

Өкмөттүк аппараттын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Дамир Сагынбаев Бишкек шаарында бүгүн, 22-ноябрда өтүп жаткан жол коопсуздугу боюнча улуттук форумда өлкөбүздөгү жолдор оңдолуп жаткандыгын жана бул жол кырсыктарынын азайышына түрткү болорун билдирди.

“Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жолдордун начардыгы, жол белгилердин жетишсиздиги, автомектептердин окутуусу себеп болууда дегендер четтен табылат. 10 жыл мурункуга салыштырмалуу азыр жолдордун абалы бир топ жакшы, бирок кырсыктардын саны күн санап өсүүдө. Өкмөт жолдорду оңдоону, жол белгилерин орнотууну жылдан жылга жакшыртууда. Мисалга алсак, жакында эле Бишкек шаарынын ичине 42 жол чырак жана жол белгилер орнотулду жана бул дагы уланууда. Жол кырсыктардын көбөйүшүнө түздөн түз айдоочулардын күнөөсү. Ошол себептен “Коопсуз шаар” долбоорун эрте ишке ашырыш керек. Мисалга алсак, ИИМ өз каражатына Сокулук районуна фото-видео байкоочу камера орнотушкан. Ал жерде өлүм менен коштолгон жол кырсыктары 100 пайызга жоюлду. Айдоочулардын 80 пайыз жол эрежесин бузуусу 80 пайызга кыскарды. Ал эми айып пулдардан өкмөттүн эсебине акча түшкөн көрсөткүч жогорулады. Эгерде фото-видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотсок, айып пулдардан түшкөн каражаттын 50 пайызы жергиликтүү казынага, 40 пайызы республикалык казынага, ал эми 10 пайызы ИИМдин казынасына түшөт”, - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.11.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: