super.kg logo

Google компаниясы Android аркылуу колдонуучуларын "аңдыйт"

 

Эгер сиз Android операциялык системдүү мобилдик телефон колдонсоңуз, анда төмөнкү маалымат сиз үчүн. Сиз кайсы мобилдик оператордун кызматынан колдонбоңуз, мындай мобилдик телефондор сиздин жер үстүндөгү кыймылыңыз тууралуу маалыматтарды чогултуп, Google'га жиберип турат. Бул тууралуу Quartz маалымат каражаты жазды.

Колдонуучу өзү тууралуу маалыматтар Google'га мобилдик оператор аркылуу жетет деген ойдо SIM-картаны чыгарып коюшу мүмкүн. Бирок Google Android аркылуу анда деле маалыматтарды топтой алат. Quartz маалымат каражатынын журналисттери Google компаниясына жогорудагы маалыматты тастыктап берүүнү жана кошумча маалымат сурап кайрылышкан.

"Google өзүнүн колдонуучулары качан, кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтарды чындыгында чогултат. Компания керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын арттыруу үчүн Cell ID - ID аныктоочу идентификатору аркылуу маалымат топтойт. Бул нерсе жардам сураган колдонуучуларга текст түрүндөгү билдирүүлөрдү жөнөтүш үчүн керек. Бирок топтолгон маалыматтар базада сакталбайт. Мындай ыкма 2017-жылдын башынан бери колдонулуп келет", - деп жооп берген Google.

Ошондой эле колдонуучулар тууралуу маалыматтарды чогултууга Google ноябрь айынын аягына чейин чекит коёору белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
23.11.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Google'ди сотко берип жаптырып салыш керек бул жоругу учун!!!
23.11.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гуглды жаптырганга Эч кимдин алы жетпейт анткени Американын ФБР, ЦРУ, ИНТЕРПОЛ Баары Гуглдан жана Фейсбуктан маалымат алып турушат
23.11.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул нерсенин зыяны жок жон гана мурда бир жерге барсан кайсы бир кун ошол жер жонундо суроолоп келет. Жооп берип койсонуз башка адамдарга жардам кылган болосуз.
24.11.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайда гугылды иштетбей койгон ошондой кылып жаап коюш колдон келет любой мамлекттин так что бир жерин кысып андыбай журсун
24.11.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Американын политикасы, фейсбук, андроид, ватсап баары Америка учун иштешет Америка учун маалымат чогултушат, ким каерде журот, ким менен ким байланышып атат, ким эмне менен алек, ким эмнеге кызыгат... баары база данныхта чогулуп турат
24.11.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андыса бир чиновникти мамлекеттик иште иштегендерди андыйт да, катардагы адамдардын эмнесин андыйт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: