super.kg logo

Кайрымдуулук фондунун директору: "Балдар үйлөрүн бүтүргөн жетим балдар турак жайсыз, жумушсуз калууда"

 

Кыргыз Республикасында жылына балдар үйлөрүн жана мектеп-интернаттарын 15 жаштан 18 жашка чейинки 450дөй жетим балдар жана кыздар бүтүрүшөт. Алардын көбү турак жайга, жумушка орношууга жана кесиптик билим алууга муктаж. Бул тууралуу "Oasis" кайрымдуулук фондунун директору Мээрим Осмоналиева билдирди.

Анын айтымында, балдар үйлөрүнүн жашы жеткен бүтүрүүчүлөрү социалдык-экономикалык, турак жай, каржылык, моралдык-психологиялык жана башка көйгөйлөрдүн алдында жалгыз калууда.

"Кыргыз Республикасында балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү көйгөйлөргө туш болууда. Алардын эң негизгилеринин бири - бул турак жай маселеси. Турак жайы жок болгондуктан жетим балдардын социалдык укуктары бузулууда. Алар саламаттыкты сактоо, билим берүү, жеке ишкердик, жумушка орношуу жана башка чөйрөлөр", - дейт коомдук ишкер.

"Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү 2015-жылдан баштап акысыз амбулатордук жана стационардык медициналык жардамга укуктуу жарандардын тизмесине кирген. Бирок буга карабай алардын документтери жоктугуна байланыштуу бул укуктар менен колдоно алышпайт", - деп кошумчалады Мээрим Осмоналиева.

Ошондой эле Мээрим Осмоналиева билдирген маалыматка таянсак, балдар үйлөрүнүн томолой жетим эмес, жарым жетимдер, багуучусунан ажыраган жана ата-энесинин камкордугунан расмий түрдө ажыратылбаган бүтүрүүчүлөрү социалдык жөлөк пул алууга укуктары жок.

"Алардын зарыл ким экендигин тастыктоочу, билим деңгээлин жана эмгек тажрыйбасын аныктаган документтери жоктугунан ушундай көйгөйлөр жаралууда", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: