super.kg logo

Адис: “Айдоочулук күбөлүктү жарандар мыйзам чегинде сатып алышат”

 

Жол кырсыктары айдоочулардын жол эрежелеринин билбегендигинен эмес, билип туруп эреже бузгандын айынан болууда деген пикирин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулар курамы департаментинин жетекчисинин орун басары Усейин Касмалиев билдирди. Ал бүгүн, 23-ноябрда өткөн жол коопсуздугу боюнча улуттук форумда буларга токтолду:

“Мисалы, биздин өлкө аймагында жол эрежесин бузуп айдаган айдоочулар коңшу өлкөлөргө барганда жол эрежесин кадимкидей сактап, ылдамдыкты азайтып айдап калышат. Демек, биздин өлкөдө жазанын жеңилдигинен же жоопкерчиликтин аздыгынан ушундай көрүнүш болот.

ИИМдин маалыматына таянсак, 100 пайыз жол кырсыгынын ичинен 1 же 2 эле пайыз жол кырсыгы айдоочулук тажрыйбасы аз айдоочулардын айынан болот. Ал эми калган 98 пайызы айдоочулук тажрыйбасы мол, көп жылдан бери унаа айдап жүргөн айдоочулардын айынан келип чыгат. Ушул жагын да ойлонушубуз керек.

“Айдоочулук күбөлүктөр сатылууда. Ошонун айынан жол кырсыктары көбөйдү”, - деген сөздөр айтылып келет. Чынын айтсам, айдоочулук күбөлүк сатылбайт деп айтыш кыйын. Анткени айдоочулук күбөлүктү жарандар мыйзам чегинде сатып алышат. Автомектептерге окутуу акысын төлөйт. Айдоочулук күбөлүктүн бланкы 12 евро турат, аны төлөшөт. Бирок окубай туруп 1 күндө сатып алат деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Балким, мурда ошентип сатылса керек, бирок бүгүнкү күндө биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулар курамы департаменти тарабынан автоматташтырылган маалыматтык систем киргизгенбиз. Ал аркылуу биз айдоочулук күбөлүктү 1 күндө сатып ала турган жолдордун баарын жаап салдык. Мисалга алсак, ал системге өлкөбүздөгү бардык автомектептер киргизилген. Айдоочулук күбөлүк алам деген киши милдеттүү түрдө автомектепте окуп, андан соң теоритикалык жана практикалык сынактарды тапшырып, андан соң гана айдоочулук күбөлүк ала алышат. Сынак тапшырып жатканда да ордуна башка адамдар тапшырбоосу үчүн 2 тараптан онлайн видеобайкоочу камераларга тартылып турат. Биринчиден, сынак учурунда эмнелерди белгилеп жаткандыгы, экинчиден, ким тапшырып жаткандыгы баары ошол камераларга тартылат. Мекеменин сайты аркылуу онлайн режимде ким кандай сынактарды тапшырып жаткандыгын каалаган адам көрсө болот”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.11.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коойсонор менин бир таанышым жакындале 200доллорга эки кундо алып койдуго эки эле кундо берди
Batma08 түзөттү 2017-11-23 15:13:48
23.11.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
5000 сомго сатып алды соседим какой там мыйзам чеги бизде мыйзам иштебейт азыр каждый ала топу 200 доллардан права 150 долларга айдикарт сатып алып Россияда иштешет чем ай сайын патентке 4500 руб тологончо деп
23.11.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатылат 5 минутада жасап беришет акчасын жакшы толоп берсен
23.11.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bir kun emes eki saatta satyp algandar bargo.
23.11.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башканы айтпай эле койоюн. 2008жылы Мына мен сатып алгамын. 7200сомго. В С. Акчаны бересин гаилер ордума окуп коюшкан.
Tyty1990 түзөттү 2017-11-23 15:23:58
23.11.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тура айдочулар билип туруп правиланы бузушат. Менда сатып алганмын бирок үйдө атама экзамен тапшырганмын.
23.11.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коррупция ушунчалык денгеелге жеткен керек болсо мен россияда туруп бир звонок менен праваны сатып алам
ady-88 түзөттү 2017-11-23 20:00:04
25.11.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек,кырсыктын баарын сатып алган силер кылат турбайсынарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: