super.kg logo
  Саясат  

Ош гуманитардык-педагогикалык институттун мыкты студенттери аныкталды

 
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 31-май күнү окуу жайдын студенттеринин “Мыктылар кечеси-2013» салтанаты болуп өттү. Анда окуу жайдын 200дөн ашык мыкты окуган студенттери катышышты. Ректор Бекмырза Зулуев эң жакшы деген бааларга татыктуу, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан, чыгармачыл, демилгелүү студенттерге ыразычылык билдирип, мыкты студенттерге 1000 сом, 500 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык алган студенттерге «Окуунун мыктысы» деген аталышта төш белгилер да ыйгарылды. Салтанаттын кийинки бөлүгүндө таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: