super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи өтөт

 
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков
2011-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү аземинен
2011-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү аземинен
2011-жылы президенттик кызматын өткөрүп жаткан Роза Отунбаева жана президенттик кызматка киришип жаткан Алмазбек Атамбаев
2011-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү салтанатына келген коноктор

Бүгүн, 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи өтөт.

Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, иш-чара саат 10:00дө башталат. Салтанатта Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылат. Азем аяктагандан кийин үч ирет артиллериялык залп атылат. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин имаратына барышат. Ал жерде ардактуу кароол катарга тизилип турат. Ардак кароолдун алдынан өткөндөн кийин эски жана жаңы президент мамлекет башчысынын иш бөлмөсүнө киришет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: