super.kg logo

Жол коопсуздугу боюнча улуттук форумдун катышуучулары 2018-жылды “Жол коопсуздугунун жылы” деп атоону сунушташты

 

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарында өткөн жол коопсуздугу боюнча улуттук форумга катышкан өкмөт мүчөлөрү, укук коргоочулар жана жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери, эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, автомектептин кызматкерлери жол кырсыктары боюнча талкуулашты. Андан соң жол кырсыктарынын санын жакынкы жылдары азайтуу максатында резолюция кабыл алышты. Резолюцияда 2020-жылга чейинки аралыкта өлүм менен коштолгон жол кырсыктарынын санын кескин түрдө азайтуу, “Коопсуз шаар” долбоорун тез арада ишке ашыруу, айдоочуларды даярдоо, аларды көзөмөлдөө жана жоопкерчилигин күчөтүү, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин кызматтык ролун жогорулатуу сыяктуу бир катар маселелер сунушталды. Ошондой эле “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин 2018-жылды “Жол коопсуздугунун жылы” деп атоо демилгесин колдоого алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы Супер-Инфо Кун Сереп ачылбай жатат бир жообун айтып койунуздар Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: