super.kg logo

Голливуд жылдызы Женнифер Лоуренс менен кинорежиссёр Даррен Аронофскинин сүйүү мамилелерине чекит коюлду

 
Ортодогу жаш айырмачылыктарына карабастан сүйүшкөндөр Голливуддагы “таттуу түгөйлөр” болуп эсептелчү.

“Ачкачылык оюндары” (“Голодные игры”), “Икс адамдары” (“Люди Икс”) тасмалары аркылуу таанылган Голливуд жылдызы, 27 жаштагы актриса Женнифер Лоуренс менен “Ной”, “Кара ак куу” (“Чёрный лебедь») тасмалары менен белгилүү болгон 48 жаштагы кинорежиссёр Даррен Аронофски эки ажырым жолго түштү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алардын маалыматына таянсак, түгөйлөр сүйүү мамилесин токтотушканы менен, ортодогу сый мамилени сактап калышкан. Женнифер менен Даррендин ортосунда махабат бир жыл мурун “Эне” (“Мама”) аттуу тасманы тартуу учурунда тутанган. Ал тасманын режиссёру Даррен болсо, башкы каармандын ролун Женнифер аткарган болчу. Ортодогу жаш айырмачылыктарына карабастан сүйүшкөндөр ошондон тарта Голливуддагы “таттуу түгөйлөр” болуп эсептелип келген.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
24.11.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эми ушулардын кимге кызыгы бар дейм да туну бир маалда
24.11.2017. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Що да
24.11.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги режиссёрун тем более тааныбайт экенбиз))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: