super.kg logo

Орусиялык ырчы Нюша америкалык актриса Селена Гомести туурап сынга кабылды

 

"Орусиялык поп-ырчы Нюша өзүнүн күйөрмандарын таң калтырды. Ал америкалык актриса Селена Гоместей көрүнүүнү каалагандыгын жашырган жок" деп жазышат орусиялык басылмалар Нюша тууралуу.

Маалыматта жазылгандай, ырчы өзүнүн жеке баракчасына жаңы чач жасалгасы менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ал сүрөттө Нюша чачын сары түскө боёп, кыска кылып кырктырып салган. Ырчы жүктөгөн сүрөтүнүн алдына "Селене Гоместин артынан" деп жазган.

Сахнада он жылдан ашуун күйөрмандары үчүн узун чачы менен калыптанып калган 27 жаштагы ырчынын бул кадамын көптөгөн күйөрмандары сынга алышкан. Алар Нюшанын узун чачы өзүнө жакшы жараша тургандыгын билдиришкен. Ал эми айрымдары бул жасалма чач экенин айтышып, күйөрмандарын мындай тамашага салганы туура эмес экенин билдиришкен.

Буга чейин 20-ноябрда Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн "American Music Awards-2017" сыйлыгын тапшыруу аземинде ырчы Селена Гомес жаңы чач жасалгасы менен чыгып көпчүлүктү таң калтырганы тууралуу маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.11.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ушул жанылыктын бизге канчалык денгээлде мааниси бар
24.11.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
kechirmeni,мен да кызыкчу эмес элем бирок 1,5 жашар ракка кабылган кыргыз наристеге 300 000рубль которгондо сыйлап калдым.Суйунгонумдон козумон жаш келген.
24.11.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туугандар кимге кызыгы жок болсо окубагыла!!!Мисалы мага кызыктуу,себеби бул кыз оорулууларга(именно кыргыз балага)жардамын аяган эмес.
24.11.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мага деле кызыктуу
25.11.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
селена гомез актриса эле эмес ырчы дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: