super.kg logo

Шашылыш билдирүү! 27-28-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн тоолуу райондордо 30 градус суук болот

 

26-27-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан 24-ноябрда кабарлады. Маалым болгондой, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Суу кар түшүп, электр чубалгыларына, бактарга оор келиши мүмкүн. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

Ал эми 27-28-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 -8, күндүз 0, -5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0 -5, күндүз 0 +5, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5 -10, күндүз 0 -5, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15 -20, күндүз -3 -8, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25 -30, күндүз -7 -12 суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.11.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шиналарды алмаштырат окшойбуз
24.11.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах Таала пенделерин озу сактасын ар кандай кыйынчылыктардан.Анчалык суук болбосо экен оо жараткан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: