super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Облустагы балдардын айрым реабилитациялык борборлоруна белектер тапшырылды

 

Нарын шаарында “Кадам” реабилитациялык борбору 10 жылдан бери иш алып барып, майып балдарды тарбиялап келет. 1-июнда облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков аталган борбордо болуп, бир катар көйгөйлүү маселелерди угуп, аларга өкмөт тарабынан жардам берилерин айтты. Ошондой эле облус башчысы өзүнүн атынан таттуу даамдарды, тарбияланып жаткан балдарга белектерин тапшырды. Андан соң Ат-Башы районуна барып, “Ак Байрак” балдардын реабилитациялык борборуна кайрылды. Ал жактагы тарбиялануучуларды да майрамы менен куттуктап, аталган борборго өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан “Тойота” үлгүсүндөгү жети орундуу автоунаанын ачкычын тапшырды. Эске сала кетсек, аталган борбордо 60 бала тарбияланат. Алардын 21и ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болсо, экөө томолой жетим. Өкмөттүн өкүлү Канатбек Муратбеков: “Бул  күнү өз балдарыма убакыт таппасам да, облустагы айрыкча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга убакыт табууну туура көрдүм. Себеби мындай борбордо ата-эненин толук камкордугуна алынбай калган балдар тарбияланары бышык. Облустагы бардык балдар менин да балдарым болуп калат”, - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: