super.kg logo

Украинада итин мыкаачылык менен өлтүрүүгө буюртма кылган жаран камакка алынды

 

Украинанын Харьков шаарында итин мыкаачылык менен өлтүрүүгө буюртма берген жаран 3 жыл 4 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Украинанын маалымат каражаттары жазган.

Маалыматка ылайык, шаардагы Октябрь райондук соту мурда соттолгон 51 жаштагы жаранды күнөөлүү деп тапкан. Буга чейин уурулук менен соттолгон бул жарандын жаза мөөнөтүн толук өтөбөгөндүгүн эске алган сот аны 3 жыл 4 айга эркинен ажыраткан.

Тергөө иштеринде белгилүү болгондой, окуя 2016-жылы болгон. Анда соттолгон адам өзүнө жакын жерде жашаган аракечке балка берип итин мыкаачылык менен өлтүрүүсүн айткан. Бул ишти аткарганы үчүн аракечке 1 бөтөлкө арак алып берүүнү убадалаган. Иттин катуу кыңшылаган үнүн уккан коңшу аял чуркап келип окуяга күбө болгон. Бул учурда аракеч итти кармап алып башына балка менен бир нече жолу чаап жаткан. Окуянын күбөсү тартип сакчыларына жана жаныбарларды коргоочуларга кабар берген. Бирок итти аман алып калууга мүмкүн болгон эмес, башынан алган жаракатынан улам өлгөн. Иттин кожоюну эмне үчүн жаныбарга карата мындай мыкаачы мамиле жасаганын түшүндүрүп бере алган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
25.11.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындай мыйзам бизде болсо чекеден адам олтургондор камалмак
25.11.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Итке тенелген "ит" экен да
25.11.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Камап ырас кылыптыр, тируу жданды кыйнып олтургон мыкаачы бир куну адам олтурушу мумкун
25.11.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде адам олтуруп короосуна комуп коюп деле журушотго ойлонбой.
Акча берсен актап чыгарып коюшат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: