super.kg logo

Сапар Исаков күйүүчү майдын, көмүрдүн кымбатташына жол бербөө тапшырмасын берди

 

Бүгүн, 25-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин 9 айы үчүн ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин директору Шухрат Сабиров өлкөдөгү негизги азык-түлүктөргө, жашылча-жемиштерге, көмүргө, цементке жана күйүүчү майга карата чекене баалардын мониторинги боюнча иштин жыйынтыгы тууралуу отчёт берди.

Сапар Исаков жалпы республика боюнча социалдык маанилүү товарларга болгон баанын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөт башчы агенттик өлкөдө күйүүчү май жана көмүргө карата баанын негизсиз кымбатташына жол бербөөгө өзгөчө көңүл буруусу керектигин билдирди. Исаков көмүр сатуу түйүндөрүндө сатуучулар арасында бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күн сайын көмүргө жана күйүүчү майга карата бааны көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
25.11.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
супер силергеда ишенип болбой калды элдик кабарга комур боюнча жиберген элем чыгарган жоксунар?бизде Кара-Балтада комурдун баасы кымбаттады,тоннасы 4200 сом,Менчик машиналарга бербей жатышат,оздорунун машиналары манен жеткирип беришет имиш,1 тонна комур алат экенсинда аны оздору айылдарга 5000 мин сомго жеткирет имиш,жогорудагылардан билип Берии коюуунарды отуном админ ОЗУ комур канча сомдон болуу керек тоннасы?
25.11.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сапаш дозум тапшыома бербей чеч маселени
26.11.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бензин кундон кунго кымбатоодо.Тапшырмадан жыйынтык жок.
26.11.2017. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл козуно иштеп, катырып жатабыз дегени го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: