super.kg logo

Президенттердин ант берүү аземдеринде ханайымдар кандай кийинип келишкен? Өзгөчө жоолуктан тартып улуттук кийимдерге чейин

 

"Күчтүү эркектин артында дайыма акылдуу аял турат" деп айтылгандай, ар бир өлкө башчынын артында бул чоң кызматка ээ болгон жолду бирге басып өткөн жубайы турат. Бүтүндөй өлкөнүн тагдыры колунда турган мамлекет башчыларынын "кабыргалары" биринчи айымдардын жашоосу дайыма коомчулуктун назарында. Алар үй-бүлө очогун тутантып гана тим болбостон мамлекеттин коомдук, саясий, социалдык турмушунда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын талкуусунан түшпөгөн дүйнөнүн биринчи айымдары президенттик ишке киришүү аземдерине кандай кийинип келишкендигине саресеп салалы.

1. Мехрибан Алиева (Азербайжан)

Өзүнүн сулуулугу гана эмес, саясий активдүүлүгүнөн улам күйөөсүн көлөкөдө калтырган Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева дайыма талкуу чордонунда. Медициналык билими бар Алиева азыркы тапта "Жаңы Азербайжан" саясий партиясынын жетекчилеринин бири жана өлкөнүн биринчи вице-президенти. Дүйнөлүк модадан калбай кийинген Алиева эң сулуу биринчи айымдардын катарын толуктайт. Мехрибан Алиева күйөөсүнүн президенттик ишке расмий киришүү аземине жөнөкөй ак түстөгү көйнөк кийип келген.

2. Меланья Трамп (АКШ)

Америка Кошмо Штаттарынын биринчи айымы болгон Меланья Трампты билбегендер жок болсо керек. Америкалык гана эмес, эл аралык басылмалар дайыма сөз кылып, ар кандай ушак-кептер коштоп жүргөн Меланья Трамп өзүнүн сулуулугу жана эл алдына кийип чыккан өзгөчө жарашыктуу кийимдери менен таанымал. Ал ант берүү аземине "Chanel" бренди тарабынан тигилген эксклюзивдүү ачык көк түстөгү көйнөгүн кийип келген. Меланья Трампка куп жарашкан көйнөктү интернет колдонуучулары азем бүткөндөн кийин көп күн бою талкуулашкан.

3. Моза бинт Насер аль-Миснед (Катар)

Ислам мамлекети экенине карабастан биринчилерден болуп жүзүн ачык көргөзүп, өлкө башчысы болгон күйөөсү Хамада бен Калифа-аль-Танини бардык иш-чараларда коштоп жүргөн Катардын биринчи айымы Моза бинт Насер аль-Миснед элге өзүнүн жоолуктары менен белгилүү. Ислам өлкөсү болгондуктан Моза айым дайыма жабык, узун бирок ошол эле маалда өзгөчө кийимдерди киет. Маалыматтарга караганда, азыркы тапта биринчи айымдын коллекциясында миңден ашуун жоолук бар. Алгачкы ирет эл алдына ак түстөгү костюм, юбка жана ак жоолук салынып чыккан биринчи айымдын жоолуктары белгилүү дизайнерлер Карл Лагерфельд жана Роберто Кавалли тарабынан даярдалган.

4. Жецун Пема (Бутан)

Дүйнөдөгү эң жаш ханайым эсептелген Жецун Пема 1990-жылы учкучтун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Дүйнөдөгү жалгыз бакыт министрлиги бар өлкөнүн падышалык милдетин аткарууга киришүү күнү жубайлар Жигме Кхесар жана Жецун Пема улуттук кийимдерди кийип келишкен.

5. Асма аль-Асад (Сирия)

Сириянын өлкө башчысы Башар Асаддын жубайы Асма аль-Асадды батыш маалымат каражаттары анын сулуулугуна арбалып "Чөлдөгү роза" деп аташкан. Мусулман өлкө болгонуна карабастан башка өлкөлөрдүн биринчи айымдарынан калбай дүйнөлүк мода үйлөрүнүн кийимдерин кийинген Асма айым ант берүү аземине классикалык стилдеги костюм жана юбка кийип келген.

6. Айгүл Токоева (Кыргыз)

Кечээ, 24-ноябрда өткөн Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземинде чакырылган коноктордун биринчи катарынан өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Токоеваны (ортодо) дагы көрүүгө мүмкүн болду. Токоева ант берүү аземине бир түстөгү узун көйнөк жана ага түстөш жоолук салынып, сыртынан жакасына улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн чапан кийип келген.

6. Зироатхан Хошимова (Өзбекстан)

Чет элдик басылмалардын аныктоосу боюнча Орто Азиядагы эң келишимдүү биринчи айым аталган Зироатхан Хошимова эң алгач маалымат каражаттарында Шавкат Мирзийоев президенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин көрүнө баштаган. Ал эми эң биринчи расмий иш сапарда Кытайга Мирзийоевди коштоп баргандан тарта дүйнөлүк маалымат каражаттары Хошимованын сулуулугу тууралуу тынбай жазышкан. Анткени Кытай өлкөсүнө конгон учактан түшүп, күйөөсүн коштоп келе жаткан Хошимованын чачын ошол маалда болуп жаткан катуу шамал ары-бери учурганына карабастан, биринчи айым күлүп улам чачын оңдогону көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алган. Хошимова көп учурда эл алдына классикалык стилдеги күңүрт түстөгү кийимчен чыкканы байкалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(21)
25.11.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Жоолук салынып келгени жакты
26.11.2017. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Krai,казакстанды жазганга тыю салдыбы же унутулуп кетиптирби тизмеде жокго
25.11.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Озубуздун султан айымга ким жетсин эми
26.11.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+46
Канчалаган мигранттар чет жакта журуп ден.соолугунан ажырап айрымдары кайтпай калып атат Жаратканым колдоп бул Ажобуз Кыргыз Эли учун Кыргызстаныбыз учун жакшы иштесе экен Баарыбызга озубуздун Мекенибизде бактылуу жашоо насип этсин
26.11.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Aruwka.89,Бар болунуз!!! Кыргыздын койгойун жазыпсыз.
26.11.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Темага тиешеси жок жазыпсын дебегиле
Булардын кийиминин кооздугу кереги эмне журоктору таза болсун
26.11.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Aruwka.89, халат көлөчөн чыкча дагы айтмаксын эл көзүндө болгондон кийин жасанбайбы деп. Жүрөгүн ким байкамак эле АЛЛАХЫМАН башка! Не в тему сүйлөй бербечи!
26.11.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Н. Назарбаевдин жубайы рекламасы жок эле, жолдошун коштоп, журот. Элдин аялдарына окшоп, кийип жегенин коргозбой.
26.11.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир тыйын !!! Кыргыздын Энелери,келиндери, жаш кыздары, болочок оспурум аялзааты. Кочо жана дуйно тээнтип калды. Ал эми тектуумун же досумун дегендердин аял,кыздарынын кийиниши,ичиниши. Азыр Кыргыз Элин кыжырынданат. Эртенки кун эмне болот ? Жашоо карангылык.12 саат бироонун козун карап иштемейби ?Каерге барыш керек? Суроолор азыр жупуну Элдин журок туйполундо,акылында оор суроого айланды. Бул шайланган инсан менен 6 жылда. Бозоргон боз таалада калабызбы ? Монгунулор,алты
bosmos77777 түзөттү 2017-11-26 00:27:12
26.11.2017. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге жаны президент жакшылыктардан алып келсинчи деп умуттонолу,элибиз кыйналды ...Чек ара маселесин, обу жок "сыйлыктар"дын ооздугун тартат болду бекен..?
26.11.2017. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Totyua.71.,bul SOKE dele siylik beruudon bashtadi go~Atambaevge Baatir dep~
27.11.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Totyua.71.,кудайдан тиле сокеден эмес
26.11.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мехрибан айымдын койногу менен прическасы возрастына туура келбей калыптыр.
26.11.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озбек айым чынында эле сулуу экен
26.11.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорудагылардын арасынан татынасы, сулуусу Озбекистандыкы экен...

Анан Бутандын башкаруучусу менен аялы ото мыкты кийинишиптир, улуттук кийими озгочо мыкты экен... Ошолорду биринчи орунга койсо жарашчудай....

26.11.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми Сокенин катынына келсек, биринчиден ханайым деп атоо жарашпайт, муну менен силер Сокени "хан" деп жатасынар, хан дегенинер элди тоноп тентиткен заалим бири тарыхка унулсонор.....

Экинчиден жоолук салыныптыр деп ХХХХ токтоткула, айыл араласанар аялдардын улуу-кичуусу баары эле жоолук салып журот... ХХХХХХ турган Сокенин катынын жоолук салыптыр, адептуу экен, ыймандуу экен деп ХХХХХХкылганды койгула. Ыйман жоолукта эмес, журокто болот!!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-26 15:18:49
27.11.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага Бутан мн Озбекстандыкы жакты
27.11.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трамптар жаман окшош экен бири бирине
Lekarstvosvoegomuja түзөттү 2017-11-27 22:50:11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: