super.kg logo

Француз жараны дээрлик 1 жыл бою жарамдуу мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды жеп жан багып көрдү

 

Франциялык 29 жаштагы активист Баптист Дюбанше 10 ай бою Атлантика океанын жалгыздап кезип, кайыкта сүзгөн. Ал жанына дүкөндөр колдонуу мөөнөтү бүткөн деп чыгарып салган азыктарды гана алып кеткен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазат.

Дюбаншенин Парижден Нью-Йоркко чейинки саякаты 10 айга созулган. Ушул жылдын январь айында ал Франциядан велосипед менен чыккан. Андан соң Испанияны да велосипед менен аралап өтүп, Мароккодон катамаран сыяктуу кайык менен океанга чыккан. Жанына ар дайым дүкөндөрдөн чыгып калган мөөнөтү өткөн азыктарды алып жүрүп отурган. Атлантика океаны аркылуу ал Мароккодон Майами шаарына чейин ошол катамаран кайыгы менен сүзүп келген. Ал жактан Нью-Йоркко чейин кайрадан велосипедде саякатын улаган.

Жарамдуу мөөнөтү өткөн азыктардын арасынан ал 9 жыл мурда жарактан чыккан чечевица, 2011-жылы иштетилип чыккан күрүч, 50 жыл мурун сатып алынган балды да жеген. Мындай жол менен Баптист Дюбанше пайдалануудан чыккан азыктарды бекер эле ыргытышарын даңазалагысы келген.

Азык-түлүккө болгон мындай мамилени ал ысырапкерчилик деп эсептеп, муну менен активист көптөн бери күрөшүп келет. Ал азыктарды алгач тоңдуруп, андан соң кургатып коюу керек деп эсептейт. Ошондой эле дан жана майдаланган азыктарга жарамдуу мөөнөтүн жазып көрсөтүүнүн кереги жок дейт.

Бирок кайтып келген соң Дюбанше адаттагыдай азыкты сагынганын айтат. "Мен ал азыктардан өлгөн жокмун, бирок океандан кургактыкка чыкканда жеген пиццага укмуштуудай канааттандым", - деп белгилеген активист.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.11.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде анча мынча гарантиясы жок эле жейбиз айылда
26.11.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
oscar,ал срогу эчтеке эмес просто товар алмашыш кк.ачфп кычып кеткенден башканын срогу эч нерсе ьольойт. Бул саякатчы бал алыптыр. Бал эч качан срогу бузулбайт ал кылымдар бою сакталуу тура берет
26.11.2017. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айылда отпой калган продуктыларды карыз алгандарга кошуп берет,срогу отсо деле,жеп эле жатышат...кудай сактасын деп эле..
26.11.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Totyua.71.,шаарында деле ошол корунуш
26.11.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин кыргыздын кобу эле Баптист Дюбанше го анда.
26.11.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз негизи срогуна карабайбызго)) бир жыттап туруп жеп койо беребиз..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: