super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кудайдан жолдошум жакшы болсо экен деп эле тилене бериптирмин. Кайненемди деле жакшы адам болсо экен дебегениме азыр аябай өкүнөм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайненеңердин кандай болушун каалайсыңар же каалачу элеңер?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кудайдан дайыма жөнөкөй, түшүнүктүү, акылдуу кайнене насип кылса экен деп тилейм. Апам менен бир туугандай мамиледе болушса, мени өз кызындай көрбөсө да кызым деп турса, туура эмес кылган ишимди кызым деп туруп эле түшүндүрүп койсо..."

"Жакшы болсо дагы, жаман болсо дагы менин сүйгөнүмдүн апасы болот да. Сыйламакмын".

"Кудайдан жолдошум жакшы болсо экен деп эле тилене бериптирмин, кайненемди деле жакшы адам болсо экен дебегениме азыр аябай өкүнөм.

"Кайненем мен тиленгенден дагы жакшы аял. Бардык жагынан мыкты. Тазалык, ашпозчулук, тикмечилик, маданияттуулук, сулуулук жагынан. Эң өкүнүчтүүсү биз менен бирге жашабаганы. Кайненем жаныбызда болгондо анын мектебинен мен да өзүндөй келин болуп чыгат элем деп ойлоп коём. Барган жерлерибизде жаш болсок да кайненемдин кадыры менен төрдөн орун алабыз. Бир аз бетке чабар, бирок ал деле жакшы, артымдан жамандагандан көрө. Баласын мага, мени баласына мактап турат, бири-бирибизди күндөн күнгө көбүрөөк жакшы көрүшсүн деп. Жолдошум менен баш кошордон мурда мени менен таанышып анан сураган, "баламды сүйөсүңбү, сыйлай аласыңбы? Чындап сүйгөн адам гана чын дилинен сыйлайт" деп. Азыр чалганда "чалың "косяк" кылбай элеби, үйгө убагында эле келип жатабы же тартипке чакырып коёюнбу?" деп турат. Ааламда ушундай аялдар көп болсун жана ар бир кызга ушундай кайнене насип кылсын демекчимин".

"Болочоктогу "апам" өз апамдай болсо... Мени өз кызындай кабыл алып, кеңешин берип, билбеген нерселеримди үйрөтүүсүн каалайм".

"Кайненем өзүмө окшош болсо экен деп тилек кылчумун, Кудай берди. Өзүмдүн апама караганда мен кайненеме окшошмун".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.11.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келин жакшы болсо кайнене жакшы эле болот кайнене баласына куйот жана жакшы аял менен жашашын каалайт эгер келин жакшы болсо кайнене деле ага суйунот
26.11.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок туура эле. Биз аялдар жолдошубуз менен жашообузду откоробуз да калнан жашообузду. Кайын эне жакшы болуп, баласы жаман болгондорду деле коруп атпайбызбы
26.11.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ой койгулачы.Баласы жакшы болуп туруп энесин жаман дейсинер.Кудайга шугур дегилечи ошол жакшы эринерди тарбиялаган энеси,сенин кайненен.Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дейт кантип эле тимеле силер тытынып идеальный келин болуп атсанар эле кайнененер силерге асылсын?Кайтар дуйно дейт бугун келин болсок кудай буйруса кайнене дагы болобуз.Чыбак ажы айткандай сен деле святой эместирсин.
toma95 түзөттү 2017-11-26 15:52:45
27.11.2017. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
toma95,Чубак ажы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: