super.kg logo

ТИМ: "Египеттеги жардырууда каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок"

 

Алдын ала маалымат боюнча, Египеттеги мечитте болгон жардыруудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилик Египеттеги Кыргыз диаспорасы менен дайыма байланышта болуп жатканы айтылат.

Эске салсак, окуя 24-ноябрда Түндүк Синайдын борбору Эль-Аришке жакын жайгашкан Эр-Рауд калктуу пунктундагы мечиттердин биринде болгон. Анда уюшкан топ жума күнкү намазга келген адамдар бар мечитти жолтандабас унаалар менен курчоого алып, намаз окуп жаткандардын арасына кирип келишип, жарылуучу заттарды ташташкан. Мындан соң унаадан адамдарды көздөй баш аламан ок атышкан. Ошондой эле маалыматта жабыркагандарга биринчи жардамдарды көрсөтүү үчүн келген "Тез жардам" кызматынын унааларын да аткылашкандыгы айтылат.

Акыркы маалыматтар боюнча, окуядан улам каза болгондордун саны 305ке жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.11.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр келди беле Египетинен??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: