Ош. Ички иштер башкармалыгы Июнь окуясынын үч жылдыгын эскерет
3-июнь күнү КРнын ИИМинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын демилгеси менен аймактагы улуттар аралык биримдикти, достукту чыңдоо максатында жана июнь окуяларынын 3 жылдыгына карата "Ырыс алды-ынтымак" аттуу иш-чарасы өткөрүлөт. Иш-чарага аймактагы ар улуттун 250 өкүлү катышат. Катышуучуларга сый тамак берилип, ар улуттун өнөрпоздорунан турган концерттик программа тартууланат. Иш-чара 3-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аянтчасында саат 11.00дө башталат.
Автор: Дастан Үмөтбай уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

