super.kg logo

Төрт жылдан бери дарыгерлердин көзөмөлүндө келаткан Михаэль Шумахердин кызы: "Күрөшүүнү улант"

 

Мындан 4 жыл мурун лыжа тээп баратып жыгылып, оор жаракат алган "Формула-1" жарышынын 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер ушул убакка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. 4 жылдан бери анын үй-бүлөсү, жакындары жана күйөрмандары медициналык керемет болуп кетеринен үмүттөнүп келишүүдө.

Спортчунун 20 жаштагы кызы Жина Шумахер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына эки сап билдирүү жазды. "Бул жашоодо бир гана бакыт бар - сүйүү жана сүйүктүүлөрдөн болуу". Атасына арнап жазган бул постту #КүрөшүүнүУлант деген хэштег менен коштогон.

Учурда Михаэль Шумахер жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, күйөрмандардын элесинде келишимдүү бойдон сакталуу Шумахердин салмагы учурда 45 гана килограмм.

4 жылдык реабилитациялоо аралыгында спортчуга 2 ирет нейрохирургиялык операция жасалган. Ал эми анын үй-бүлөсү ушул убакка чейин болжол менен 16 миллион доллар сарптаганы маалым. Мындан тышкары Шумахердин үй-бүлөсү дары-дармекке каражат кылуу үчүн Норвегиядагы үйүн жана жеке учагын сатууга аргасыз болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.11.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх, Шумахер, Шумахер...ушундай абалга түшүп калат деп ойлободум эле...Өкүнүчтүү #күрөшүүнүулант #сакайыпкет
26.11.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
аллах шыпаа берсин уй булосуно сабыр берсин
26.11.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
шумахер сен легендасын
26.11.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байлыгын да,бийлигин да,атак данкын да жардам бербейт деген ушул болсо керек. Аллахтын алдында жыналач туулуп,кайра жыналач барабыз. Шума аке айыгып кетсин.
26.11.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул кызынын айынан болгон,бою деле 14 см кичирейип кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: