super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев 50 жашка чыкты

 

Мындан 50 жыл мурун, 1967-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1992-жылы Москвадагы А.С.Скрябин атындагы ветеринардык академиянын зооинженердик факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөгөн.

1992-1995-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.

1995-1997- жылдары Кара-Буура районундагы «Токчулук» дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген.

1997-1998-жылдары Кара-Буура районундагы «Кол кабыш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болгон.

1998-2005-жылдары Талас облусундагы «Кутман Ордо» фермердик ассоциациясынын төрагасы болуп эмгектенген.

2005-2010-жылдары Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

2010-жылы октябрда «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

2015-жылы «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары:

- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы кеӊешчиси;

- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги;

- Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

«Эрдик жана кайраттуулук үчүн» ордени, «Ооган элинин атынан», «Ооганстан аскерлерди чыгаруунун 15 жылдыгы үчүн» ордени, «Аскер кызматында өзгөчөлүгү үчүн 2-даражадагы» наамы, «СССР Аскер кызматынын 70 жылдыгы үчүн», «Кыргыз милициясына 80 жыл» ордендери менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

27-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: