super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз. Кезек күткөн унаалардын саны 650дөн ашты

 

Кыргыз-Казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.

Анын айтымында, учурда "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 490 фура, "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайында 162 фура кезекте турат.

Ал эми "Ак-Жол", "Чалдыбар", "Кең-Булуң", "Токмок" көзөмөл-өткөрүү жайларында унаалардын жана адамдардын тыгыны жок.

Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.11.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Фуралардын кезеги рекорд койгон үчүн баатыр наамын алып атабы?
27.11.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл баатыр бергенден кийин Ак шумкар дегенин кошо бериш керек экен деп аны да кошо беришти го. Бардыгын берип чыксын, бир жолу эл артисти дегенди да берсин, эмгек синирген же маданияттын мыкты кызматкери деп майдалап отурбай. Тойдон кийин баштары ооруп отурушса керек. Эртерээк чечишпейби эми эл ишенип шайлагандан кийин
27.11.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өткөндө эле шумкарлар ак камаздан мынча көк камаздан мынча калды деп мактанып атышкан элеге не алдайт элди.наам алгандардын ишинен тайыны жок кошаматчыларын ошол жерге алып барып тизиш керек
27.11.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар элди ойлойт беле
27.11.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кана өткөндө шайланган Жээнбеков,жөн жатбай бирин бири баатыр кылып көрсөтбөй ушул чек ара маселесин чечбейби десең.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: